Транспорт коопсуздугу

Транспорт коопсуздугу

Ал арада Сенат автоунаалардын коопсуздугун жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулады. Эске салсак, аны Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан. Депутаттар документти Мажилиске кайтарып, жүктөрдү өлчөөчү автоматташтырылган станцияларды орнотуу жана тейлөө боюнча акимчиликтердин жоопкерчилигин мыйзамдаштырууну сунушташты. Алар "Сергек" принциби боюнча иштешет, бул транспорттук көзөмөлдү жүргүзүүдө адамдык факторду жокко чыгарат. Мындан тышкары, алар жолдордогу асфальттын мөөнөтүнөн мурда бузулушун болтурбоого шарт түзөт. Мыйзам долбоорунда учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу эрежелери да киргизилүүдө. Учкучсуз учуучу система жана учкучсуз учуучу аппарат деген жаңы түшүнүктөр пайда болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков