Тармактык ведомствонун башчысы Акмарал Альназарова «Саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» сыйлыгын орган донору Максим Войнюштун туугандарына тапшырды. Органдарын алмаштырууга макулдугу менен кырсыкка кабылган 18 жаштагы жигиттин туугандары дароо төрт адамдын өмүрүн сактап калышты. Алардын баары донордук органдарды көпкө күтүшкөн. Трансплантациялоо операциялары ийгиликтүү болду. Максимдин бөлүгүн Шымкент, Алматы, Түркстан жана Астанадан келген бейтаптар алышты.
Акмарал Альназарова, Саламаттыкты сактоо министри:
– Биз сизге ыраазычылык билдиргибиз келет. Чындыгында бул ырайымдуулуктун абдан ачык мисалы болот. Бул чынында эле кайрымдуулук иш болуп саналат, Ошондуктан, мени Максим да жана баары түшүнөт деп ойлойм. Мен Максимдин бир бөлүгү бүгүн бул жерде жашап жатат деп ойлойм.
Айдар Ситказинов, трансплантациялоону координациялоо жана жогорку технологиялык медициналык кызмат көрсөтүү боюнча республикалык борбордун директору:
– Жүрөк токтоп калганда кан айлануу бузулат. Ошондуктан, убакыт берилет, 6дан 8 саатка чейин. Кээ бири бир күндү да сурап калышат. Бирок биз бул процессти канчалык узакка созсок, трансплантацияда органдарды четке кагуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Өлгөндөн кийинки донорлор көп эмес. Демек, кан тобу дал келиши керек. Ал жерде үчүнчү, төртүнчү жана экинчи кан тобу бар.
Белгилей кетсек, жыл башынан бери Казакстанда каза болгон донорлуктун 5 учуру катталган. Азыр 4 миңден ашуун казакстандык орган алуу үчүн кезек күтүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков