Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү артты

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү артты

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйдү. Өткөн сутка ичинде өлкөдө ПЧР-тести аркылуу 2711 адамга COVID-19 диагнозу коюлду.

Кооптуу инфекцияга чалдыгуу боюнча анти-рейтингди борбор калаа баштап турат. Бул жерде 799 бейтап аныкталды. Андан кийин Караганды облусунда 395 адам коронавируска чалдыккан. Үчүнчү орунда 299 учур тастыкталган Алматы турат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 442 миңден ашты. Буга катар, кызыл зонага кирген аймактардын саны дагы көбөйдү. Учурда бул тизмеге Нур-Султан, Алматы, Шымкент, Акмола, Атырау, Батыш Казакстан, Караганды, Мангыстау жана Павлодар облустары кирди. Бул региондордо эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес. Ал эми Алматы, Актөбө, Жамбыл, Костанай, Кызылорда жана Түндүк Казакстан облустары «сары» зонада. Калган аймактар коронавирустун жайылышы боюнча «жашыл» аймакта.

Которгон: Илгиз Жамалбеков