Темир жол секторундагы бир катар объекттер мамлекеттин менчигине кайтарылат

Темир жол секторундагы бир катар объекттер мамлекеттин менчигине  кайтарылат

Казакстанда темир жол тармагындагы бир катар объектилер мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өткөн экономиканы монополиядан чыгаруу боюнча комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Жакында эле аларды атаандаштык чөйрөгө өткөрүү келишими сот тарабынан жараксыз деп табылган. Атап айтканда, ишенип берилген мүлктү ысырап кылуу фактылары аныкталган. Бул объектилердин тергөө органдары мүлктөрдү конфискациялап, акыркы процессуалдык чечим кабыл алынганга чейин Казакстандын темир жол башкармалыгына өткөрүп беришкен. Премьер-министр өлкөнүн башка аймактарында да ушундай объектилер боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды. Ошону менен бирге ал тийиштүү ишканалардын кызматкерлеринин бардык технологиялык процесстерин жана иш-аракетин сактоонун маанисин белгиледи. Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо тармагындагы уюм мамлекеттин менчигине кайтарылышы мүмкүн. Объектти башкаруунун натыйжалуулугун текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча келишимди бузуу жана мүлктү мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча конкреттүү чечим кабыл алынат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков