Таиланд коронавирусту эндемиялык илдет деп жарыялоону мерчемдөөдө

Таиланд коронавирусту эндемиялык илдет деп жарыялоону мерчемдөөдө

Таиланд коронавирусту эндемиялык илдет деп жарыялоону мерчемдеп жатат. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, расмий билдирүү ушул жылдын теке айына пландаштырылган. Министрлик коронавирустун эндемиялык илдетке өтүүсүнүн төрт баскычы аныкталганын белгиледи. Азыр өлкө биринчи этапта турат. Ал жалган куран айынан чын куран айына чейин созулат. Экинчиси чын курандан бугу айына чейин созулат. Ал эми үчүнчү этапта коронавирустук инфекциянын деңгээлинин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул мезгил бугу айынын аягынан кулжа, теке айына чейин созулат. Акыркы - постпандемия мезгили теке айынын 1нен башталат. Таиланддын Саламаттык сактоо министрлиги эгер вирустан каза болгондордун саны 1000 адамга 1ден аз болгондо гана инфекция эндемиялык деп эсептелерин билдирди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков