QazVac ДССУга каттоонун алгачкы этабынан өтүп жатат

QazVac ДССУга каттоонун алгачкы этабынан өтүп жатат

Казакстандын QazVac вакцинасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда каттоонун алгачкы этабынан өтүп жатат. Бул тууралуу мурдагы Саламаттык сактоо министри билдирди. Алексей Цойдун айтымында, препаратты эл аралык уюмда каттоо көп убакытты талап кылган татаал көп баскычтуу формат. Мындай тажрыйба Казакстан үчүн биринчи жолу болуп жатат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жергиликтүү кеңсесинин адистери тийиштүү консультациялык колдоо көрсөтүүдө.

Алексей Цой, мурунку саламаттык сактоо министри:

- Азыр мөөнөтү боюнча бир нерсе деп айтуу кыйын. Жалпысынан 4 этап бар. Биз биринчисиндебиз. Бир нече жолу барыш керек, анан серепчилер тобу баарын текшерет. Албетте, заводдун курулушу, зарыл болгон нерселердин бардыгын куруу маселеси бар. Казакстан буга чейин вакцина чыгарган эмес. Анын ишке ашканы жаңы, биз дароо эле эл аралык стандарттар боюнча аккредитациялоону баштадык. Ар бир жараян убакытты талап кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков