Астанада Борбор Азиянын медициналык ЖОЖдорунун студенттери билим алышууда

Астанада Борбор Азиянын медициналык ЖОЖдорунун студенттери билим алышууда

Казакстандын эл аралык өнүктүрүү агенттиги Борбор Азиядан келген медиктер үчүн «Авиценна: саламаттыкты сактоо» программасын улантууда. Долбоордун максаты - академиялык мобилдүүлүктү колдоо жана Борбор Азиялык мамлекеттердин келечектеги дарыгерлери менен алдыңкы билимдерди алмашуу. Бул жылы программага Кыргызстандан жана Тажикстандан 12 студент катышууда. Лекциялардан тышкары, алар Астананын алдыңкы медициналык мекемелеринде үч жумалык практикадан өтүшөт. Белгилей кетсек, үч жылдын ичинде программага 50гө жакын студент жана окутуучу катышты. Долбоордун уюштуруучулары белгилегендей, бул аймактагы билим берүү кызматташтыгына болгон кызыгуунун жогору экенин тастыктайт.

Назгүл Шарипова, «KazAID» Казакстандын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин өнөктөштүк жана аймактык долбоорлор департаментинин башкы менеджери:

– Биз бул программаны Казакстан Республикасы тарабынан өнөктөш өлкөлөргө расмий өнүгүүгө көмөк көрсөтүү алкагында өткөрүп жатабыз. Башкача айтканда, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы дагы кирет. Долбоор медициналык билим берүү тармагында аймактар аралык кызматташтыкка багытталган жана 2024-жылы башталган. Долбоор Астана медициналык университети менен биргеликте ишке ашырылып, ошондой эле биздин өнөктөштөр – Түрк кызматташтык жана координация агенттиги TIKA менен улантылды.

Долбоор аймактын өлкөлөрүнүн ортосундагы кесиптик байланыштарды гана бекемдебестен, студенттерди Казакстандын саламаттыкты сактоо тармагында колдонулган жаңы технологиялар жана практикалар менен тааныштырат. Алынган көндүмдөрдү жана билимдерди алар өз өлкөлөрүндө колдоно алышат.

Альбина Султаналиева, Ош мамлекеттик университетинин студенти:

– Казакстанда биринчи жолу болушум, баары кандай өтөрүнө кызыгып, алдын ала эле кубанып турам. Казакстандын медицинасы мага абдан кызык. Буга чейин Санкт-Петербургда академиялык мобилдүүлүк программасына акушердик гинекология боюнча конференцияларга катышкам. Ал жакта сиздердин казакстандык дарыгерлер чыгып сүйлөштү. Мага абдан кызык болду. Силерде акушерлик алдыңкы орунда деп айта алам. Кыскасы, эл аралык тажрыйба алгым келет. Менимче, Казакстан акыркы убакта КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы орундардын биринде, эң күчтүү өлкөлөрдүн бири деп айта алам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков