Шымкенттин жетекчилиги коңшу өлкөлөрдөн туристтерди тартууну көздөөдө. Бул максатта Кыргызстанда өлкөнүн туристтик борборуна айланган шаардын туристтик дарамети, тарыхы жана кооз жерлери тааныштырылды.
Бишкек менен Шымкенттин аралыгы 500 чакырым. Шаардын маданияты менен кооз архитектурасы туристтерди өзүнө тартат. Тарыхый эстеликтер, заманбап мейманканалар, даамдуу тамактарды даярдаган ашканалары бар. Аны кеңири жайылтуу керек.
Нурбек Сапаров, Туроператорлор бирикмесинин мүдүрү:
Алар Ташкентке Жибек Жолу сыяктуу туристтик өнүм үчүн барышат. Ал эми Бишкектен Ташкентке жол узак экенин билесиздер. Бул жаатта Шымкентти Жибек Жолу турунун уландысы катары кароого болот. Буга кошумча, жакын жайгашкан Түркестанды да айткым келет.
Туроператорлор менен жолугушууда Шымкент шаары акимчилигинин өкүлдөрү конокторду кабыл алып, аларды сейилдетүү үчүн түзүлгөн шарттарды айтып беришти. Мобилдик тиркеме менен макулдашылган шаардын санариптик платформасы тааныштырылды. Этнографиялык программага виртуалдык баяндама жасалды.
Азамат Нурымбетов, Шымкент шаары туризм жана тышкы байланыштар башкармасынын башкы адиси:
Акпаршоунун негизги мааниси жана артыкчылыгы - эки аймактын ортосундагы адистер менен туризм тармагынын жарандарынын байланышы жана кызматташтыгы болуп саналат. Шымкент калаасы азыркы учурда ири мегаполистердин бири жана туристтик дарамети жогору шаарларга кирет. Шымкентке 300 миңге жакын турист келген жана 2025-жылга чейин бул санды көбөйтөбүз деген үмүттөбүз.
Иш-чаранын жыйынтыгында Шымкент шаарынын Туризм жана тышкы байланыштар бөлүмү менен Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Эми туркомпаниялар жаңы туристтик багыттарды ача алышат. Мындан тышкары биргелешкен ишканаларга акчалай жардам көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков