Түштүк Кореянын борборунда казак айылы пайда болду. Азия маданият фестивалынын алкагында өткөн иш-чарада Сеулдагы казак диаспорасынын өкүлдөрү павильондун конокторун боорсок менен тосуп алып, чай беришти. Казак өнөрпоздору ыр ырдап, күү чертишти.
Казак айылына келген коноктор Казакстандын кооз жаратылышын видео тасмалардан көрүштү. 1937-жылдагы сүргүнгө арланган трибунадан өлкөдө жашаган корей диаспорасы жана корей театры көрсөтүлдү. Жергиликтүү тургундар казак баатырлары менен сүрөткө түшүүгө шашылышты.
Мен Казакстан жөнүндө эч нерсе билчү эмесмин. Бирок, бул иш-чарага барып, казактын тамак-ашынан даам татып, кийимин кийип, жаратылышка суктандым.
Корея пандемиядан айыккан жок, чектөөлөр дагы деле бар. Андыктан жергиликтүү тургундар үчүн бул айыл чет өлкөгө чыкпай эле Казакстан менен таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк. Түштүк кореялыктар жыл аягына чейин казак кинолорун бекер көрө алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков