Казакстанда санавиация активдүү өнүгүүдө

Казакстанда санавиация активдүү өнүгүүдө

Казакстанда санитардык авиацияны өнүктүрүү жаңы деңгээлге чыгууда. Эми бардык тез жардам Улуттук ыкчам медицинаны координациялоо борборунда акысыз көрсөтүлөт. Мында тик учак аянтчасы жана санитардык авиация үчүн учак жайы жайгашкан. Бул өлкөнүн каалаган аймагынан бейтаптарды тез жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Биринчи жарым жылдыкта бул жерде миңден ашык учуу ишке ашырылды. Ошондой эле 5 эл аралык ташуу аткарылды. Оор абалда дарылануучулар Түркия, Түштүк Корея, Германия, Египет жана Вьетнамдан жеткирилди. Белгилей кетсек, борбор ачылгандан бери 3 миңге жакын адам дарыланды.


Ержан Адилбеков, Астана шаары Тез жардам медицинасынын улуттук координациялык борборунун төрагасы:


- Бизде аба кемелеринин паркында 11 АН-2 учагы бар, алар региондордо, райондордон облус борборлоруна учат. Ага кошумча "Казавиаспас" авиакомпаниясынын 16 тик учагы бар, алар МИ-8 жана Еврокоптер-145 тик учактары. Бизде трансплантация тармагы боюнча органдарды жана операция жасай турган бригаданы ташыйбыз.


Борбордо жалпы хирургия, нейрохирургиядан баштап акушерликке чейинки 29 багыт боюнча жардам көрсөтүлөт. Бул жерде дарыланган адамдардын арасында АКШ, Корея, Чехия жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар. Ал эми жакында Улуттук тез жардам медицинаны координациялоо борборунун ичинде биринчи ымыркай жарык дүйнөгө келди. Дарыгерлер муну жакшылыктын белгиси деп эсептешет: мында адам өмүрүн сактап эле калбастан, жаңы өмүр башталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков