Эпидемиянын жайылышын токтотуу жана коомдук иммунитетти түзүүнүн бирден бир жолу - эмдөө. Өлкөдөгү көптөгөн ири ишканалар бул принципти колдоп, жамааттык эмдөөнү алууну чечишти. Медициналык мекемелер жана укук коргоо органдары, ошондой эле билим берүү боюнча адистерди айтпаганда да, бул тенденцияны айрым жеке өндүрүштөр колдоп жатышат. Уран өндүрүшүн күкүрт кислотасы менен камсыз кылган кызылордалык компания кызматкерлеринин 99% вакцина алган.
Дүйсен Шардарбеков, компаниянын өндүруштүк коопсуздук боюнча башкы техникалык жетекчиси:
- Азыркы учурда бизде мекеме кызматкерлеринде эч кандай оору, же болбосо терс таасирлер жок. Мындай учур катталган эмес. Азыр завод жетишкен натыйжаларга жараша толук кандуу үзгүлтүксүз иштеп жатат. Белгиленген көлөмдөгү өндүрүш планын аткарып жатат. Жамааттык иммунитеттин 90 пайызы калыптанды.
Ал эми Шымкенттеги канаттуулар фабрикасынын бардык кызматкерлери буга чейин вакцинанын эки компонентин алышкан. Натыйжада жумуртка өндүрүүчү жай шаттык режимде толук иштеп жатат. Өндүрүш көлөмүн 120 миллион даанага жеткирүүнү көздөгөн компания «жумушчулардын ден соолугу биз үчүн абдан маанилүү» - дейт.
Асылбек Досболов, компания мүдүрүнүн орун басары:
- Жалпысынан, 100% жумушчуларыбыз эмдөөдөн өттү. Биз азык-түлүк менен алектенгендиктен, эмдөөнү биринчилерден болуп алышыбыз керек.
Өлкөнүн үчүнчү ири шаарында эпидемиологиялык абал турукташып калды. Шымкентте инфекцияга чалдыгуу көрсөткүчү мурунку күнгө салыштырмалуу 2-3 эсеге азайган. Шаар бийлиги муну вакцина алгандардын санынын көбөйүшү менен байланыштырып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков