Казакстанда кооптуу илдеттин коркунучу азаюуда. Акыркы жумада өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруу көрсөткүчү мурунку 7 күнгө салыштырмалуу 21 %га төмөндөгөн. Ал эми акыркы эки жумада бейтаптардын саны 12 миң адамга азайган. Бугу айынын ичинде илдетке чалдыгуу учуру 1,6 эсеге кыскарган. Маалыматтар боюнча, өлкөдөгү бейтаптар жаткан орундар 1,5 эсеге азайып, 28%ды түздү, ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү орундар 24%га толду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыр Казакстан «сары» зонада турат.
Алексей Цой, РКнын Саламаттык сактоо министри:
- Дүйнөлүк рейтингге ылайык, Казакстан 221 өлкөнүн ичинен илдет жуктуруу көрсөткүчү боюнча 104-орунда турат. Ал эми курмандыктардын көрсөткүчү боюнча Казакстан акыркы 4 жумада өз позициясын 5 %га жакшыртты жана 107-орундан 112-орунга көтөрүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков