Азыркы тапта Казакстандын бардык аймактары коронавирус боюнча «кызыл» зонада. Оору жугузгандардын катарын бүгүн Алматы облусундагы бейтаптар толуктады, аларга 3 мегаполистин, Акмола, Актөбе, Атырау, Батыш-Казакстан, Караганды, Костонай, Кызылорда, Мангыстау, Павлодар жана Түндүк-Казакстан облустарындагы оору жугузган бейтаптар кошулду. Жамбыл, Чыгыш-Казакстан жана Түркстан аймактарында абал бир аз жакшыраак.
Айта кетсек, өткөн суткада өлкөдө COVID-19 жуккан 5317 учур аныкталды. Кошумча эң көп оору жугузгандар борбордо 1367 кишини түздү. Андан соң Алматы - шаарда акыркы 24 саатта 798 киши коронавирус жугузган. Караганды облусунда 689 ковид бейтаптары тастыкталган. Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча инфекция жугузгандардын саны 494 миң кишиден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 50 миңден ашык казакстандыктар коронавируска каршы дарыланууну улантууда.