Казакстанда карантиндик аймактар боюнча жаңы түшүнүк киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Ерлан Киясовдун жаңы токтомунда айтылат.
Анда кооптуулугу «жашыл», «сары» жана «кызыл» зоналарга - «кочкул-кызыл» зона кошулганы белгиленген. Эми андай зонага оору таралуу тобокелдиги өтө жогору аймактар кирет. Айтсак «кочкул-кызыл» аймакка ооруканадагы орундар 70% ашык толгон шаарлар жана облустар камтылат. Мындан тышкары, токтом боюнча дагы бир «Лидер Ашык» түшүнүгү киргизилген. Буга кардарлар көп катталган ишкерлик объектилер кирет, бул иш убактысын узартуу жана объектинин кардарлар санын дагы 10% көбөйтүү сыяктуу кошумча жеңилдиктерди кепилдейт.
Которгон: Субанбек Исмакеев