Атап айтканда, металлургия тармагында эмульсиялык жарылуучу заттарды жана эриткичтерди, ошондой эле химиялык реагенттерди чыгаруучу ишканалар менен бирге желатин чыгаруучу ишканалар ачылат. Алардын жалпы суммасы 58 миллиард теңгеден ашат. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Министрлик жакынкы жылдары жалпы баасы 6 триллион теңге болгон 100гө жакын инвестициялык долбоорду ишке ашырууну пландап жатканын белгиледи. Химия өнөр жайына байланыштуу долбоорлордун бир кыйла бөлүгү Жамбыл облусуна таандык. Облуста 16 объект ишке кирери күтүлүүдө. Алар минералдык жер семирткичтерди жана органикалык эмес химиялык өнүмдөрдү өндүрүү үчүн колдонулат. Мындан тышкары Мангыстау облусунда 13 долбоор ишке ашат. Аймакта жашыл суутек, аммиак, карбамид жана биопротеинди өндүрүүчү заводдор пайдаланууга берилет. Белгилей кетсек, 2022-жылы Казакстандын химия тармагында жалпы баасы 54,5 миллиард теңгеден ашкан 10 долбоор ишке кошулду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков