Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечеги илдетинен улам аэропорттордо жана чек арада көзөмөлдү күчөтөт

Саламаттык сактоо министрлиги маймыл чечеги илдетинен улам аэропорттордо жана чек арада көзөмөлдү күчөтөт

Маймыл чечеги илдетинен улам Казакстандын чек арасында көзөмөл чаралары күчөтүлдү. Атап айтканда, аэропорттордо жана чек ара өткөөлдөрүндө. Инфекция катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл бурулат. Республиканын саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө инфекцияны алып келүүнүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан кадамдарды айтып берди. Ведомствонун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республикада маймыл чечеги менен ооруган учурлар жок. Дарыгерлер казакстандыктарга эндемикалык өлкөлөргө баратканда сак болууну сунушташты. Тактап айтканда, оорулуу адамдар жана жапайы жаныбарлар менен байланышуудан алыс болуу, фауна өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүдө коргоочу кийимдерди жана кол каптарды колдонуу, жеке гигиенаны сактоо. Эгерде денеңизде жагымсыз нерселер пайда болуп же дене табыңыз көтөрүлсө, дарыгерлерге кайрылыңыз. Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл эпидемиясын бүткүл дүйнө үчүн коркунуч туудурган өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.


Которгон: Илгиз Жамалбеков