COVID-19 оорусуна каршы вакцинанын кош бойлуулукка таасири

COVID-19 оорусуна каршы вакцинанын кош бойлуулукка таасири

Пандемия убагында кош бойлуулукту кандай пландоо керек? Бүгүнкү күнү коронавируска каршы эмдөөнүн кош бойлуу аялдардын организмине тийгизген таасири изилденүүдө. Адистер вакцинаны кош бойлуу болгонго чейин бир ай эрте алган туура деген кеңеш беришет. Өзгөчө ЭКО жолу менен балалуу болууну каалагандар сактык үчүн эмдөөнүн эки компонентин алдын ала сайдырганы туура болорун айтышат. Ал эми боюнда бар экенин билбей вакцина алган аялдардын кооптонуусуна эч негиз жок, - дейт ата мекендик репродуктолог адистер.

Вячеслав Локшин, Казакстандын Репродуктивдүү медицина коомунун президенти:

- «Pfizer» сыяктуу коронавируска каршы вакцина АКШ менен Израилде кош бойлуу аялдарга сайылып, клиникалык изилдөө жүргүзүлүп жатат. Орусияда «Спутник» вакцинасын боюнда бар аялдар ала баштады. Бирок Казакстанда кош бойлууларга вакцина сайыла элек.

Буга катар «Hayat-Vax» вакцинасын сайдыргандан кийин эки жылга чейин кош бойлуу болгонго болбойт деген имиш чындыкка туура келбей турганы маалымдалды.

Ержан Байтанаев, КР санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл комитетинин расмий өкүлү:

- Бүгүнкү күнү вакцина өндүрүүчү мамлекеттер бизге жиберген далилденген маалыматтар боюнча, аялдар эмдөө алганда терс таасири болбойт деп айтылган. Андыктан биз ошол маалыматты жокко чыгарабыз.

Азыр вакцина өндүрүүчүлөр дүйнө жүзү боюнча тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүп жатат. Эгерде алар оң натыйжа көрсөтсө, анда Казакстанда дагы кош бойлуу аялдарды эмдөө маселеси каралышы мүмкүн.