Казакстандагы тейлөө кызматкерлерин теке айынын 15не чейин эмдөө милдеттендирилди. Эгер эмделбесе, алардын жумуш орундарына кайтуусуна чектөө коюлат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгеринин жаңы токтомунда айтылды. Ошентип, тизмеге соода жана көңүл ачуу борборлору, коомдук тамактануу жайлары, театрлар жана кинотеатрлар, дарыканалар, калкты тейлөө борборлору, экинчи деңгээлдеги банктар жана башка көптөгөн компаниялар жана ишканалар кирди.
«Эгерде кызматкер эмдөөдөн өтпөсө, анда ал 7 күндө бир жолу ПЧР-тест тапшырып турушу керек. Туруктуу медициналык каршы көрсөткүчтөргө ээ жана акыркы 3 ай ичинде COVID-19дан айыккандар коронавируска каршы вакцина алышпайт», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу Нур-Султан аймагында үчүнчү жолу күчөтүлгөн режимде карантин чаралары көрүлөт. Карантиндик чаралардын сакталышын көзөмөлдөөчү мониторинг топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү.
Теке айынын 2нен тарта баш калаанын санитардык дарыгери Саркыт Бейсенованын жарлыгы күчүнө кирет, ага ылайык борбор калаа күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. 4нөн баштап коомдук тамактануучу жайлардын иш убактысы кыскарып, коомдук транспорттун иши убактылуу токтотулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков