Алматы менен Катардын борбору Доха ортосунда жаңы авиакаттам ачылды. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, каттамдар Airbus A-320 учагы менен жумасына эки жолу аткарылат. Бул багыттагы рейстердин ачылышы өткөн жылдын жаз айларына мерчемделген, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган. Ал эми бештин айынын 1нен тарта Кувейт-Алматы ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдары ишке кирет. Учурда Жарандык авиация комитети эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Ошентип бүгүнкү күнгө карата 23 өлкөгө аба каттам кайрадан жанданды. Алардын арасында Улуу Британия, Венгрия, Мальдив аралдары, Орусия, Грузия жана Шри-Ланка бар. Жыл башынан бери жүргүнчүлөрдүн саны 81%га өсүп, болжол менен 7 миллион адамга жетти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков