Өлкөдө кокс чыгаруучу завод ишке кирди

Өлкөдө кокс чыгаруучу завод ишке кирди

«Казакстанды камтуу 2.0» эл аралык форумунун алкагында кокс чыгаруучу завод расмий түрдө ишке киргизилди. Ишкананын кубаттуулугу жылына 400 миң тонна өнүм чыгарууга жөндөмдүү. Долбоор импортту алмаштырып, ички үлүштү көбөйтүүгө багытталган. Бул форумдун максаты да ушул. Борбор калаада өткөн иш-чарада тоо-кен металлургиясы тармагынын казакстандык үлүшүн көбөйтүү маселеси да каралды. Анын бирден бир жолу – өлкөнүн жер казынасын пайдалануучулары менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн ортосунда узак мөөнөттүү оффтейк-келишимдерди түзүү. Жыйында тараптар өз ара товар жеткирүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу жалпы наркы 60 миллиард теңгеге жакын бир катар меморандумга кол койду. Айта кетсек, өлкө президенти үч жылда оффтейк-келишимдеринин үлүшүн 10%га, ал эми Казакстандын камтуу деңгээлин 60%га жеткирүүнү тапшырды.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-министри:
- Өкмөт бардык аймактардын орто бизнес өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Аларга жергиликтүү өндүрүштү уюштурууга дарамети жогору өнөржай багыттары сунуш кылынды. Ушундай өндүрүштөрдү киргизүү үчүн инвестициялык мыйзамда мамлекеттик колдоо чаралары каралган. Биз бизнес өкүлдөрүн өндүрүштү локалдаштыруу үчүн жигердүү иштөөгө чакырабыз. Ири ишканалар өздөрүнүн жергиликтүү мазмунун өнүктүрүү боюнча программаларды кабыл алууга тийиш.

Нагима Түхманова, «Атамекен УИП» УК өнөржай комитетинин төрагасы:
- Биз импортту алмаштырууга артыкчылык беришибиз керек. Тагыраагы,  жер казынасын пайдалануучулардын сатып алуулары жөнүндө айтып жатам. Унаа жасоону, химия жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө күч-аракеттерди жумшоо керек. Алар чет өлкөдөн сатып алган жабдыктарды өзүбүз чыгарышыбыз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков