Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайын ачты

Касым-Жомарт Токаев дүйнөлүк жана салттуу диндер лидерлеринин VII курултайын ачты

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII курултайы тилек кылуу үчүн бир мүнөттүк унчукпай туруу менен башталды. Андан соң Касым-Жомарт Токаев “Пандемиядан кийинки мезгилде адамзаттын руханий жана социалдык өнүгүүсүндөгү дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин ролу” аттуу пленардык жыйынды ачты. Президент өз сөзүндө Казакстан үчүн дүйнөнүн эң беделдүү руханий лидерлери менен жолугуп, диалог түзүү чоң сыймык экенин белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти

- Урматтуу дин кызматкерлери, кадырман коноктор, айымдар жана мырзалар. Меймандос казак жерине кош келдиңиздер. Дүйнөдөгү эң беделдүү руханий лидерлерди чогултуп, диалог түзүү биз үчүн чоң сыймык. Биздин чакыруубузду кабыл алып, Казакстанга келгениңиздер үчүн бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирем. Бул тынчтыкты сактоого жана цивилизациялар аралык диалогду чыңдоого баарыбыздын кызыктар экенибизди көрсөтөт. Өзгөрүүгө толгон жана белгисиздик күчөгөн азыркы мезгилде бүгүнкү жолугушуунун мааниси өзгөчө.

Мамлекет башчысы өлкөдө түрдүү улуттардын жана конфессиялардын өкүлдөрүнүн тынчтыкта ​​жанаша жашоосун баа жеткис байлык жана кебелбес артыкчылык деп эсептей турганын билдирди. «Курултайды өткөрүү биздин өлкөдө жана бүткүл дүйнөдө диалогду жана кызматташтыкты чыңдоого багытталган Казакстандын саясатынын маанилүү багыты болуп саналат. Бүгүнкү оор кырдаалда диний лидерлер бир столго отуруп, ар кандай чыр-чатакты жеңе турган мыкты тажрыйбанын үлгүсүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүү абдан маанилүү. Бул курултайдын негизги миссиясы жана өзгөчөлүгү мына ушунда» - деди президент.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков