Орусияда балдарды вакцинациялоо өнөктүгү күчөтүлдү

Орусияда балдарды вакцинациялоо өнөктүгү күчөтүлдү

Орусияда өспүрүмдөрдү коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Эмдөө 12 жаштан 17 жашка чейинки балдарды камтыйт. Өлкө аймактарына коронавируска каршы препараттын биринчи партиясы 3 жума мурун жеткирилген. Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн аптада 40 миңден ашуун өспүрүм вакцина алган. Белгилей кетсек, өспүрүмдөргө Sputnik М вакцинасы сайылып жатат. Бул кадимки Sputnik Vнин бир бөлүгү, болгону 5 жолу суюлтулган. Бул препарат да эки компоненттен турат. 15 жашка чейинки балдарды эмдөөдөн мурун ата-энесинин макулдугу керек. Акыркы эки жуманын ичинде Omicron штаммы Орусияда кеңири жайылып кетти. Өлкөдө бир суткада 180 миң жаңы учур катталды.

Людмила Кирсанова, амбулатория бөлүмүнүн башчысы:

- Албетте, чалуулар көп болуп жатат. Эмдөөдөн өтүүнү каалагандар арбын. Кезектер болбошу үчүн алдын ала жазылуу керек.

- Ооруп калбаш үчүн вакцина алууну чечтим. Апам мени колдоду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков