Залалдуу шишик оорулары диагностикасындагы ачылыш! Казакстан заманбап өзөктүк медицина борборун ачууга даярданып жатат. Уникалдуу комплекс борбор калаадагы Президенттик клиникада түзүлдү. Анын арасындагы адистер, тагыраагы онкологдор, химиктер, физиктер жана фармацевтер жогорку технологиялык изилдөөлөрдү гана жүргүзбөстөн, радиофармацевтикалык каражаттардын кеңейтилген спектрлерин өндүрүү боюнча да эмгектенишет.
Индира Тлеулесова, Президенттик клиниканын өзөктүк медицина борборунун циклотрон-өндүрүш комплексинин башчысы:
- Бул мини-фарма заводу сыяктуу Казакстандагы дарыканаларда, ошондой эле бүткүл дүйнө жүзү боюнча, GMP стандарттарына ылайык болушубуз керек деген талаптар бар. Ал үчүн, азыр долбоорлорубузду GMP-ди ала тургандай кылып түздүк жана ошого жараша уникалдуу борбор болобуз. Бейтаптар үчүн 100% коопсуз сапаттуу дары-дармектерди чыгара алабыз, аларды дароо бул жерде колдонуп, диагностиканын кеңири түрүн жасай алабыз.
Дененин жабыркаган клеткаларын аныктоо үчүн радиофармацевтика бейтаптын тамырына сайылып, андан кийин компьютердик томографияга жөнөтүлөт. Жалпысынан, мындай жол-жобо, бейтаптын денеси үчүн оорутпаган жана коопсуз экендигин борбордун адистери белгилешет. Бирок, буга ишенүү үчүн, дары эң маанилүү делген сапатты көзөмөлдөө этабынан өтүшү керек.
Айгерим Акимжанова, кабарчы:
- Дал ушул лабораторияда өндүрүлгөн радиофармацевтикалык каражаттардын сапатын көзөмөлдөө жүргүзүлөт, ошондой эле сапаттык жана сандык көрсөткүчтөрдүн шайкештигин кылдат текшергенден кийин гана аларга колдонууга уруксат берилет жана алгылыктуу болот.
Диагностикалык изилдөө жүргүзүүдө негизги дары фтордезоксиглюкоза болуп саналат. Бирок, адистер белгилегендей, онкологиянын көптөгөн түрлөрүн, мисалы, - простота онкологиялык илдетин же нейроэндокринологиялык патологияны тааный албайт. Ошондуктан башка радиофармацевтика өндүрүү көздөлүп, 2026-жылга карата алар 9 түрүн чыгарууга ниеттенишүүдө. Бул жерде орнотулган заманбап диагностикалык жабдуулар сыяктуу эле, залалдуу шишиктин пайда болуу өзөгүн жана өнүгүү баскычын так аныктоого, көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Айгүл Садуакасова, Президенттик клиниканын өзөктүк медицина борборунун башчысы:
- Гибриддик жабдуулар боюнча бир жолку изилдөө үчүн бейтап бир сканирлөөдө толук дененин компьютердик томографиясынан жана позитрондук эмиссиялык томографиядан өтөт. Позитрондук эмиссиялык томография деген эмне? Бейтап өзү нурланткан радиофармацевтикалык каражатты венага саябыз. Бул жабдуулар кармап турган радиоактивдүү фон. Топтолуу даражасына жараша органдардын же системалардын кайсынысында болсо, аппарат аны көрөт. Диагностика, патология анын жардамы менен жүргүзүлөт, анткени жогорку метаболикалык зоналар кармалат. Бул сезгенүү же онкологиялык процесс, башкача айтканда, клетка жакшы азыктанат.
Белгилей кетсек, клиникада 2015-жылдан бери онкологиялык ооруларга диагностикалык текшерүүлөр жүргүзүлүп келет. Бирок дүйнөдө бир эле учурда өндүрүш жана диагностика жүргүзүлгөн мындай борборлор саналуу гана. Акыркы өзөктүк технологиялардын аркасында онкологиялык текшерүүлөргө муктаж бейтаптардын агымы бир топ көбөйөт. Адистер бул жерде күнүнө 50гө чейин бейтаптарды акысыз түрдө текшерүүнү пландап жатканын баса белгилешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков