Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилди. Бул жөн эле сыймык эмес, ааламдашуу жараянында өзүнүн тарыхый өзгөчөлүгүн сактап калуу мүмкүнчүлүгү. Жалпысынан бул жылы Уюм дүйнө жүзү боюнча 59 номинацияны жарыялады. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөн Кыргызстан бул категорияда биринчи болду. Адистердин айтымында, аталган мелдештер көчмөн элдердин улуттук спорт салттарына болгон кызыгуусун жандандырды. Ошон үчүн ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилди.
Азамат Жаманкулов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри:
- Бул биздин маданиятыбызды, улуттук спорт түрлөрүн сактап калуу менен катар, аны жайылтуу аянтчасы. Ошондуктан бүгүнкү күндө ал маданий мурастарды сактоонун эл аралык платформасы катары таанылды.
Айнаш Анарбекова, ыктыярчы:
- Бул биз үчүн маанилүү окуя. Албетте, эгер ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирсек, өз салымыбызды кошобуз. Бул биз үчүн чоң сыймык. Анткени, каада-салтты сактап, муундан муунга өткөрүп берүү чоң милдет болуп саналат.
Көчмөн элдердин улуттук спорттук мелдештерин өткөрүү сунушу 2012-жылы Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Түркиянын президенттери катышкан түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде колдоого алынган. Эки жылдан кийин Ысык-Көлдүн жээгинде биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өттү. Бул мелдештерде казакстандык спортчулар ар дайым лидер болуп келишкен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков