Казакстанда медициналык поезд ишке кошулду

Казакстанда медициналык поезд ишке кошулду

Жалпысынан 120 станция элге бекер жардам көрсөтөт. Медициналык жабдыктар менен толук жабдылган «Саламаттуу Казакстан» темир жол мекемеси жыл аягына чейин иштейт. Бул учурда 75 миңге жакын адам кесипкөй ак халатчандардын колунан даарыланып, керектүү кеңештерин алат деп күтүлүүдө.

Ербол Кеңгербаев, социалдык долбоорлор фондунун мүдүрү:

- Медициналык поезд долбоорунун негизги максаты – элдин социалдык-экономикалык турмушун жакшыртуу. Өлкөнүн алыскы аймактарынын айылдарына кесипкөй медициналык жардам жетишпейт. Биз анын ордун толтурабыз. Былтыркы иштин жыйынтыгы боюнча 80 миңден ашуун адам текшерилди. Алардын 25 миңден ашыгы балдар. Дарыгерлер атайын сынактын негизинде тандалып алынган. Эң тажрыйбалуулары Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан сунушталат. Долбоорго «Самрук-Казына Траст» фонду тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлдү.

Бригаданын курамында хирург, рентгенолог, психолог, радиодиагностика боюнча дарыгерлер сыяктуу 35 адис бар. Бул жылы долбоорго биринчи жолу кесипкөй медиаторлор жана юристтер тартылды.

Жанар Жолдасбаева, Саламаттуу Казакстан долбоорунун координатору:

- Биз көбүнчө кичинекей станцияларга токтойбуз. Ал жерлерде эл аз. Андыктан профессионалдык психологиялык, медиация жана юридикалык кызматтар жашоочуларга жеткиликтүү эмес. Шаар жеринде деле күбөлүктөрүн жоготуп, социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды өз убагында албай жатабыз деген кайрылуулар көп. Мындай социалдык юридикалык жардамдар акысыз көрсөтүлөт.

Жакынкы күндөрдө медициналык поезд Алматы облусунун станцияларына барат. Ар бир пунктта эки күнгө чейин токтойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков