Өкмөт улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча чара көрөт

Өкмөт улуттук валютанын курсун турукташтыруу боюнча чара көрөт

Казакстанда валюта рыногунда турукташтыруу чаралары көрүлөт. Белгилей кетсек, акыркы жумаларда олку-солкулуктар байкалууда. Теңгенин курсунун өзгөрүшү тышкы факторлордун таасирине байланыштуу экенин Премьер-министрдин орун басары-Улуттук экономика министри маалымат жыйынында билдирди. Министрлер кабинетинде ички рынокту товарлар менен толтуруунун, атаандаштыкты коргоонун, тышкы сооданы жана тарифтерди жөнгө салуунун эсебинен өлкөдө инфляцияны кармап туруу боюнча кырдаалды көзөмөлгө алуу көздөлүп жатат. Нурлан Байбазаров белгилегендей, социалдык маанилүү товарлардын баасын көтөрбөө үчүн жаңы түшүмдүн азык-түлүк запастарын пайдалануу мерчемделүүдө. Турукташтыруу фонддорунун жана дыйкандардын кампаларында 826 миң тоннадан ашык азык-түлүк сакталып турат. Мындан тышкары мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери толук аткарылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков