Казакстан бейтапканалары робот-хирургдар технологиясын киргизет

Казакстандагы ооруканалар келерки жылдан тарта робот-хирургдарды ишке киргизе алат. Медицина тармагындагы Ноу-хау татаал операцияларда колдонулат. Бул тууралуу Астанада өткөн «Заманбап хирургиядагы жогорку технологиялар» эл аралык форумунда айтылды. Адистердин айтымында, робот-хирургдар бир нече саатка созулушу мүмкүн болгон операция убактысын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, бул технология диагностиканын жана дарылоонун тактыгы менен белгилүү. Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө робот-хирургдун жардамы менен жамбашка жана тизеге операция жасалган. Жакынкы жылдары мындай дарылоо оор абалдагы бардык адамдарга көрсөтүлөт, дешет хирургдар.

Мыңжылкы Бердикожаев, Президент Иш башкармалыгынын медицина борбору хирургия боюнча мүдүрүнүн орун басары:

- Бул технологиялар биздин өлкөдө келишим боюнча акысыз киргизилген. Биздин дарыгерлер аны менен таанышып, колдонуп көрсүн деп. Кийинки жылдан баштап ар бир оорукана бул роботту сатып алып, бейтаптарды дарылоодо колдоно алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков