Казакстанда бир суткада 1 264 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда бир суткада 1 264 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирус инфекциясына чалдыккандардын саны дагы көбөйдү. Мисалы, өткөн сутка ичинде эле 1264 адам COVID-19 вирусун жуктуруп алган. Анти-рейтингдин башында Алматы турат. Бул жерде 366 бейтап аныкталды. Андан кийинки орунда 285 учур менен борбор калаа турат. Караганды облусу бейтаптардын саны боюнча алдыңкы үчтүктү толуктайт. Мында 98 адамга COVID-19 диагнозу коюлган. Аны менен катар, Казакстанда 24 саат ичинде 749 бейтап айыгып чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери жалпы 210 миңге жакын адам айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков