Бүгүн Казакстандын борборуна Sinopharmдан жаңы кытай вакцинасы жеткирилди. Бир күндүн ичинде ал клиникаларда, соода жана оюн-зоок борборлорунда, эмдөө пункттарында жеткиликтүү болуп калат. Эске сала кетсек, бул препарат 18 жаштан ашкан чоң кишилер үчүн бекитилген жана кош бойлуу, бала эмизген аялдарга, ошондой эле эпилепсия, нерв системасынын оорулары бар жана кандайдыр бир компонентке аллергиясы бар адамдарга колдонууга болбойт. Башка диагнозу бар жарандарга дарыгерге кайрылуу сунушталат. Вакцинанын эффективдүүлүгү 79% түзөт. Жалпысынан, Казакстан жаңы вакцинанын төрт миллион дозасын сатып алды. Эми борбор калаанын тургундары үч препаратты колдоно алышат. Sinopharm вакцинасынан тышкары, алар Sputnik-V жана ата мекендик KazVak. Шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы тургундарга вакцинанын эки компонентин бир жерден алууну сунуштайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков