Астанада Машхүр Жүсиптин китебинин бет ачары өттү

Астанада Машхүр Жүсиптин китебинин бет ачары өттү

Астанада атактуу Жүсип Көпей уулу  тууралуу китептин бет ачары болуп өттү. Акын жана этнографтын 165 жылдык мааракесине карата “Машхүр Жүсиптин сырдуу дүйнөсү” чыгармасы жарык көрдү. Жыйнактын автору — атактуу Жүсип Көпей уулунун чөбөрөсү Абай Шарапиев. Анын айтымында, фольклорчунун казак тарыхында, руханиятында өзгөчө орду бар жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн бекемдөөгө чексиз салым кошкон. Автор көп жылдар бою бабалардын көзүн көргөн карыялар менен баарлашып, эскерүүлөрүн кагазга түшүргөн. Чыгарманын тиражы 1000 нуска. Коллекция Улуттук китепкананын фондуна берилет.

Абай Шарапиев, Машхүр Жүсип Көпей уулунун чөбөрөсү:
-
Бул китепте чоң атабыздын адамдарды кантип дарылыганы камтылган. Балалуу боло албай жүргөн заманда канчалаган адамдарга бата берип,  бир нече балдардар төрөлдү. Ошондон бери жаңы дарылоо ыкмасы кеңири жайылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков