Мусулман коомчулугу кадыр түндү тосуп алды

Мусулман коомчулугу кадыр түндү тосуп алды

Казакстан мусулмандары ыйык түндөрдүн бири-Кадыр түндү тосушту. Бул Ислам жылсанагындагы эң маанилүү түн жана ыйык Рамазан айынын акыркы декадасына туура келет. Момундар жаратканга дуба менен кайрылышат, куран окушат жана жакшы иштерди жасашат. Бул түнү өлкө боюнча мечиттер миңдеген динге ишенгендерди кабыл алды.  Ыйык айда Нью-Йорктун Ислам маданий борбору да активдүү иш алып барды. Бул мегаполистеги эң чоң мечит. Ал 1991-жылы ачылып, мусулман коомчулугу үчүн атайын курулган. Рамазан айында бул жерге күн сайын 2 миңден ашуун адам келет. Ал эми ар күнү кечинде орозо кармагандарга тамак аш таратылат. Борбордо мектеп ачылып, анда 100дөн ашык окуучу билим алат.

Закир Ахмед, Нью-Йорктогу Ислам маданий борборунун имамы:

- Түнкү парз намаздардын ортосунда бизде атайын түнкү намаздар бар. Бул убакта бизде чакырылган коноктордун дарстары жана баяндамалары өткөрүлөт. Алар насааттары менен бөлүшүп, аудиторияны жана динге ишенгендерди шыктандыруу жана дем берүү үчүн ар кандай диний темаларды талкуулашат. Бул биздин жамаат үчүн абдан руханий шыктандыруучу убакыт, жана мунун баары дал ушул жерде, негизги намаз залында өтөт.

Которгон: Сезим Шейшеналиева