Министрликте коронавирус боюнча жаңы божомол айтылды

Министрликте коронавирус боюнча жаңы божомол айтылды

Күтүү жана чындык. Саламаттыкты сактоо министри коронавирустун республикадагы таралышы боюнча жаңы божомолду айтты. Алекей Цой кырдаалдын мындай өнүгүшүн эки жумада бир жолу айтып турат.

Алексей Цой, КР Саламаттыкты сактоо министри:

- Азыр биз оптимисттик божомол боюнча суткасына 6000 - 6100 жугуу учурлары болорун болжолдоп жатабыз. Баш оона айындагы эң жогорку чекте реалдуу божомол боюнча 9 миң, ал эми пессимисттик божомол боюнча 11 миң оору жугуу учурлары күтүлөт. Биз ушундай божомол келтирип жатабыз, оорунун жугуу кырдаалына жараша биздин койка фондунун мүмкүнчүлүгүн карайбыз жана ага ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министри ошондой эле, 12-18 жаштардагы балдарды жана өспүрүмдөрдү Pfizer каражаты менен эмдөө планы жөнүндө айтып берди. Алекцей Цой белгилегендей, быйыл төртүнчү кварталда өлкөгө 2 миллион доза вакцина жеткирүү жөнүндө алдын ала макулдашууга жетишилген.

Алексей Цой, КР Саламаттыкты сактоо министри:

- Албетте ыктыярдуу негизде ата-энелердин макулдугу менен гана болот. Биз болгону балдарды эмдөө мүмкүнчүлүгүн түзөбүз. Билсеңиздер, балдарды коргоо үчүн вакцина табуу өтүнүчү менен министрликке канчалаган кайрылуулар болгон. Чоң кишилерге мындай мүмкүнчүлүк түзүп жатабыз, балдарга жардам бере албайбыз. Бул ата-энелердин тандоо укугу.