COVID-19 тиш менен тиш этке таасир этет

COVID-19 тиш менен тиш этке таасир этет

COVID-19 менен ооругандар көбүнчө тиш жана тиш эт көйгөйлөрүнө көп чалдыгышат. Орусиялык жогорку категориядагы стоматолог Наталья Кадькалованын айтымында, мындай бейтаптар стоматит менен көп оорушат. Ал эми аны дарылоо көп убакытты талап кылат. Дагы бир кеңири таралган шарт – хирургиялык операциядан кийин тиш эттин узакка созулган кызарышы. Башкача айтканда, 5-6 күндүн ордуна эки жума, кээде андан да көп убакыт талап кылынат. Дарыгер белгилегендей, COVID-19дан кийин ооздун кургашы дагы көп кездешет. Кошумчалай кетсек, коронавирус шилекей безине таасир этип, адамды башка инфекция түрлөрүнө көбүрөөк чалдыктырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков