Бүгүнкү күндө борбор калаада эпидемиологиялык абал туруксуз. Бул тууралуу Нур-Султан шаарынынкоомдук саламаттык сактоо башкармалыгын жетекчиси Тимур Муратов билдирди. Анын айтымында, жалган куран айынын 14нөн бери илдет жуктуруу көрсөткүчү 24 пайызга арткан. Эгерде бирдин айында бир суткада орто эсеп менен 100 учур катталса, жалган куран айынын 25не карата бул көрсөткүч 230га чейин жеткен. Башкармажетекчисинин айтымында, илдет жугузгандардын саны Нооруз майрамынан кийин көбөйгөн. Бул санитардык нормалардын сакталбаганы, эл көп чогулган жерлерге баруу, карантиндик режимдин бузулушуна байланыштуу. Туруксуз эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбор калаанын бардык медицина кызматкерлери кайрадан эки эсе жүктөм менен иштеп жатышат. Бүгүнкү күндө инфекцияга каршы күрөшүүгө 3700дөн ашуун медицина кызматкери тартылган. Илдет менен күрөшүү үчүн 11 оорукана, анын ичинде 10 инфекциялык, бир карантиндик стационар даярдалды. Мындан тышкары, кошумча үч уюмдун базасында алдын ала текшерүүдөн өткөн300 инфекциялык орун пайда болот. Белгилей кетсек, чын куран айынын ортосунда калкты массалык түрдө эмдөө башталат. Айына 100 миң адамды эмдөө мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков