2024-жылдын
биринчи жарымында Алматынын негизги капиталга салынган инвестициянын көлөмү 15 пайызга өсүп, болжол менен 715
миллиард теңгени түздү. Инвестициялардын басымдуу бөлүгү акчаны кайра иштетүү
өнөр жайына, транспортко, IT секторуна, саламаттыкты сактоого багытталды.
Бүгүн шаар акими Ерболат Досаев мамлекет башчыга
Алматынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу
маалымат берди. Анын айтымында, жыл аягына чейин мегаполис экономикасына 2
триллион теңге инвестиция тартылышы күтүлүүдө. Казакстандын Президенти Алматы
шаарынын экономикасын ар тараптандыруу алкагында
чакан жана орто бизнестин үлүшүн көбөйтүүнүн эсебинен кайра иштетүү өнөр жайын
өнүктүрүүгө жана кирешени мындан ары жогорулатууга өзгөчө көңүл бурууну
тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков