Маймылды чечеги боюнча кезектеги чогулуш өтөт

Маймылды чечеги боюнча кезектеги чогулуш өтөт

Маймыл чечек оорусунун жайылып кеткендигине байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму комитеттин кезектеги чукул жыйынын өткөрөт. Анын жүрүшүндө оору жайылып жаткан өлкөлөр үчүн тиешелүү медициналык сунуштар иштелип чыгат. Бүгүнкү күндө 63 өлкөдө инфекциянын учурлары аныкталган. Жакында Орусияда маймыл чечеги оорусу катталды. Инфекция Европадан кайтып келген жигитте табылды. Дүйнө жүзү боюнча маймыл чечеги менен ооруган 9200дөн ашык бейтап катталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекция менен күрөшүү боюнча комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.