Дүйнөдө маймыл чечегине чалдыккандардын саны миңден ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди. Бүгүнкү күндө коркунучтуу инфекция Африкадан тышкары 29 өлкөдө катталган. Бейтаптардын үчтөн бир бөлүгү Улуу Британияда аныкталып жатат. Саны боюнча андан кийин Испания жана Португалия турат. Белгилей кетсек, буга чейин маймыл чечеги негизинен Африка аймагында таралып келген. Оорунун кургактык чек арасынан өтүшүнө эмне себеп болгону белгисиз. Адистердин айтымында, инфекцияны адам маймылдардан, кемирүүчүлөрдөн жана адамдан жуктурушу мүмкүн. Илдеттен каза болгондордун саны 10 пайызды түзөт. Каза болгондордун көбү жаштар. Бүгүнкү күндө бул вируска каршы вакцина жок. Бирок дүйнөлүк медициналык тажрыйбада чечекке каршы табигый дарылар колдонулат.
Тедрос Адханом Гебрейесус, ДССУнун башкы катчысы:
- Инфекция Африка континентинен тышкары жерлерде дагы аныктала баштады. Бирок ал өлкөлөрдө азырынча каза болгондор катталган жок. Ал эми Африка мамлекеттеринде маймыл чечеги 66 адамдын өмүрүн алды. Жада калса эндемикалык өлкөлөрдө да оорунун жайылып кетүү коркунучу бар экенин жашырбайбыз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечек оорусун балдар жана кош бойлуу аялдар арасында жайылып кетишине тынчсызданууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков