Казакстандык археологдор дагы бир жаңы ачылышка туш болушту. Өлкө аймагынан байыркы мончо табылды. Бул олжо Алтын Ордо дооруна таандык. Атырау облусунун эски Сарайшык шаарында жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин натыйжасында аныкталган мончонун ордунан бир катар тарыхый эстеликтер казылып алынды.
Амангелди Жумабаев, «Сарайшык» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун илимий-катчысы:
-Мончо таштары ногой-казак дооруна мүнөздүү. Чарбадагы чуңкурларды тазалоодо көптөгөн карапа буюмдар, анын ичинде атайын дарылык максатта колдонулган, сырты жашыл боек менен кызыл карападан жасалган, кыска өлчөмдөгү авирол идиши табылды. Аны менен катар хорезм карапалары да абдан көп.
Быйылкы жылы 800 чарчы метр жерге казуу иштери жүргүзүлөт.
Азыр Сарайшык шаарынын батыш тарабынан туристтер үчүн дарбаза курулуп жатат.
Айбек Турар уулу, «Сарайшык» мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун башкы инспектору:
-Казуу иштери батыш дарбазанын жанында топтолгон. Бул жерден келечекте туристтерге көрүнгөн объектилерди ачууну пландап жатабыз. Курултайга келген конокторду, сыйлуу конокторду да ушул жерден тосуп алып, мында Сарайшыктын байыркы объектилерин ачууну караштырып жатабыз.
Тарыхый жерди археологдор 2 жыл мурун казышкан. Бул жер башында мейманкана болгон. Азыр адистер 14 бөлмөнүн ордун табышты. Ал жерден карапа жана тыйындар Алтын Ордо дооруна мүнөздүү экени белгилүү болду. Адистер Казак хандыгы менен Ногой бийлеринин ордосу болгон бул жердин дагы деле белгисиз сырлары көп дешет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков