Кыргызстандын Казакстан чек арасындагы бекеттери ЕАЭБ талаптарына ылайыкташтырылууда

Кыргызстандын Казакстан чек арасындагы бекеттери ЕАЭБ талаптарына ылайыкташтырылууда

Өлкөнүн сенаты биримдиктин алкагында тиешелүү келишимди жактырды. Документ бирдиктүү мейкиндиктин рыногуна кооптуу өнүмдөрдү алып келүү, көмүскө импортту көбөйтүү, бюджеттик салыктардын түшпөө сыяктуу бир катар тобокелчиликтерди болтурбоого багытталган. Белгилей кетсек, келишим үчүнчү жолу узартылып жатат. Серепчилердин айтымында, чегерүүнүн негизги себеби дүйнөлүк пандемиянын кесепеттери жана геосаясий кырдаал. Бүгүнкү күндө Кыргызстан 14 өткөрүү пунктунун 12син жаңылады. Азыр Кытай менен Тажикстандын ортосундагы өткөрүү пункттары Биримдиктин талаптарына ылайыкташтырылып жатат. Белгилей кетсек, Кыргызстандын Казакстан менен чек арасында жети көзөмөл өткөрүү жайы бар. Өткөн жылы бул жерде жалпы товар жүгүртүү бир миллиард доллардан ашкан.

Ерулан Жамаубаев, каржы министри:

- Чыгашага жол бербеш үчүн кыргыз тарап менен эки мамлекеттин киреше комитети жана алардын бажы кызматы ортосунда атайын келишимдер бар. Биз атайын көзөмөлдү күчөттүк. Электрондук эсеп-фактуралар бар жана башка документтер менен текшерип турабыз. Башкача айтканда, негизги максат - өлкөнүн экономикасы жана Биримдиктин бажы кирешеси азайып кетпешин ошондой эле зыян келтирбешин көзөмөлдөө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков