Казакстандын саламаттыкты сактоо тармагы таажылуу вирустун жаңы толкуну менен күрүшүүгө даяр. Өлкөдө COVID-19 илдети менен күрөшүүгө зарыл болгон дары-дармектин эки айлык кору бар. Ошондой эле калкты жалпы эмдөө жана ревакцинациялоо үчүн вакцинанын көлөмү дагы жетиштүү дешет адистер. Бейтапканаларда илдетке чалдыккандарды кабыл алып, жаткырууга орундар даярдалган. Буга карабастан, дарыгерлер коопсуздук чараларын дагы сактоону унутпоо керектигин эскертишүүдө.
Ержан Байтанаев, КР ДСМ санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө комитетинин расмий өкүлү:
- Бирок баарыбыз карантин чараларын сактоого тийишпиз. Бул илдеттен сактануунун бирден бир жолу бул эмдөө экени далилденди. Эмдөөдөн өткөн жарандарда ооруканага же жасалма дем алдыруу аппаратына жатып калуу коркунучу төмөн. Вакцинацияланган адамдардын убактысы жеткенде ревакцинациядан өтүүлөрү керек. Жарандар каалаган вакцинасын тандап алышса болот. Азыпркы күндө бизде Казвак, Синофарм вакциналары бар. Жаш курагы 60 жаштан жогорулар phizer препараты менен эмделишет.
Эпидемиологиялык кырдаалдын тез начарлоосуна байланыштуу, өлкөнүн башкы санатардык дарыгеринин жаңы токтому чыкты. Бул документке ылайык, мамлекеттик органдардын, улуттук компаниялардын жана башка мекемелердин кызматкерлеринин 70% аралыктан иштөөгө кетүүгө тийиш. Мектеп окуучулары жана Жогорку окуу жайлардын студенттери бирдин айынын алтысына чейин онлайн окууга өтүшөт.
Которгон: Назира Бегалиева