Казакстандык окумуштуулар спортчулардын ден соолугун бир
калыпта кармап турган азык кошумчасын иштеп чыгышты. Ал клеткаларды бузулуудан
сактайт, жашка байланыштуу пайда болгон оорулардын өнүгүшүн жайлатат. Ошондой
эле физикалык жана акыл-эс жөндөмдөрүн жогорулатат. Изилдөө, тестирлөө жана
сертификаттоо мезгилдерин кошо алганда окумуштуулар дээрлик үч жыл иштешти.
Иштеп чыгуучулардын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө анын альтернативасы жок. Мындан
тышкары, атайын дарылоочу жана профилактикалык тамак-аш азыктары спортчуларга
гана эмес, зыяндуу өндүруштөрдө иштеген
же айлана-чөйрөнүн терс таасирлерин башынан кечирген адамдарга да ылайыктуу.
Сергазы Шыңгыс, долбоор жетекчиси:
- Башында биз картаюуну жайлаткан
өнүм катары чыгарганбыз. Биз геронтологиялык өнүмдөр менен иштедик. Ар кандай
мөмөлөрдүн жана чөптөрдүн полифенол кошулмасын изилдедик. Анын натыйжасында
кийин Казакстандын аймагындагы эндемикалык өсүмдүктөр менен окшоштуктарды
байкадык, алардын касиеттери биздин спортчуларга чоң аралыкка чуркоодо күч
берип, чыдамкайлыкты жогорулатууга жана машыгууга көнүүгө жардам берет. Бул
байланыштуу, биз аталган өнүмдү иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алдык.
Азыр өлкөдө алгачкы сыноо партиясы сатыкка чыкты.
Массалык түрдө чыгаруу ушул жылдын бештин айына пландаштырылган. Келечекте эл
аралык рынокторго жеткирүү менен катар өндүрүштү жана түрлөрүн кеңейтүү мерчемделип
жатат. Бирок, азыртадан эле чет өлкөдө атамекендик тамак-аш кошулмаларына
суроо-талап өсүп жатат.
Сергазы Шыңгыс, долбоор
жетекчиси:
- Рынокко жеткирүүнү Казакстандын аймагынан баштайбыз. Азыр маркетплэйстерде катталуу пландалууда. Сатыкка кое турган соода тармагы менен келишимге кол койдук. Биз Эмираттар жана Сауд Арабиясы, Кытай рыногуна чыгууну пландап жатабыз. Мындан тышкары, биздин өнүмдөрдү каттоо кардарлардын аянтын кеңейтет. Ошентип, Евразия экономикалык биримдигинин, Орусия, Беларус, Кыргызстандын аймагында сатууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков