Маймыл чечеги: Улуу Британияда дагы 77 учуру катталып, жалпы саны 302ге жетти

Маймыл чечеги: Улуу Британияда дагы 77 учуру катталып, жалпы саны 302ге жетти

Улуу Британияда маймыл чечек оорусунун дагы 77 учуру катталып, алардын жалпы саны 302ге жетти. Улуу Британиянын Саламаттыкты сактоо боюнча агенттиги илдеттин белгилерин байкаган адам медициналык жардамга кайрылышы керектигин билдирди. Ошол эле учурда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: Бир нече эндемикалык эмес өлкөлөрдө маймыл чечегинин капыстан жана күтүлбөгөн жерден пайда болушу белгилүү бир убакыт аралыгында байкалбаган жугуштуу болушу мүмкүн экенин көрсөтүп турат, акыркы убакта маймыл чечеги көбөйүп бара жатканын маалымдады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 27 өлкөдө маймыл чечегинин сегиз жүзгө жакын учуру тастыкталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков