Коронавирустун Omicron штамы дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылып жатат

Коронавирустун Omicron штамы дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылып жатат

Ал COVID-19дун башка түрлөрүнө караганда жугуштуу болгондуктан, бейтаптардын саны кескин көбөйүп, илдет күч алууда. Кээ бир өлкөлөрдө ооруканаларда орун жок. ПЧР-тесттердин да жетишсиздиги байкалууда. Улуу Британияда омикрон штаммынын жайылышына байланыштуу саламаттыкты сактоо системасына оор жүк түштү. Ооруканаларда бош орун жок болгондуктан, тез жардам унааларын сааттап күтүүгө аргасыз.

Ребекка Борн:

- Тез жардам бөлүмүндө 42 адам керебеттин бошогонун күтүп жатышат. Андыктан биз аларды унаа ичинде дарылоого мажбурбуз.

Австралияда эпидемия кайрадан күч алууда. Жекшемби күнү өлкөнүн калкы эң жыш жайгашкан Жаңы Түштүк Уэльс штатында 30 миңден ашуун адам илдетке чалдыкканы аныкталып, 16 адам оорудан көз жумду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Доминик Перротте:

- Биздин мамлекет үчүн абдан оор күн болду. Акыркы 24 саатта вирустан 16 адам каза болду. Вакцин албагандарды барып эмделүүгө чакырам. Илимий маалыматтар алдабайт. Эмдөө бул, албетте, өзүңдү коргоонун жалгыз жолу.

Серепчилер, омикрон штаммы коронавирустун мурунку түрлөрүнө караганда жеңил өтөт. Ал жогорку дем алуу жолдоруна гана тарайт жана кадимки пневмонияны пайда кылбайт. Бирок адистер анын тездик менен жайылып кетишинен кооптонушууда. Айрыкча эмдөө көрсөткүчү төмөн өлкөлөрдө тездик менен жайылышы мүмкүн. Ошондой эле супермутация чыгуу коркунучу бар. Эске салсак, жакында Кипрде коронавирустун жаңы түрү аныкталган. Окумуштуулар аны дельта жана омикрон штаммдарынын гибриди деп аташат. Жаңы мутацияга дельтакрон деген ат берилген.

Британия карантин чараларын кайра баштады. Эми студенттер беткап кийиш керек. Жалпысынан Улуу Британияда коронавирусту жуктургандардын саны көп. Карапайым медицина кызматкерлери өздөрү ооруп жатышат. Мындан

тышкары, бардык окуучуларга ата-энелеринин макулдугу менен мектеп имаратынын ичинде ПЦР тестин тапшыруу сунушталды. Мындан тышкары, күнүнө эки жолу үйдөн COVID-19 антигенин аныктаган акысыз экспресс-тест тапшыруу талабы дагы бар.

Кэйт Диксон:

Акыркы чейрек биз үчүн оор болду. Көп адамдар ковид менен ооруду. Окуучулардын үчтөн бирине жакыны аталган инфекцияга чалдыккан. Бирок биз мектепти жапкан жокпуз. Кийинки чейректе да ушундай кылууга аракет кылабыз.

Бештин айынан бери омикрон штаммынын тез таралышына байланыштуу өлкөдө кырдаал кооптуу. Акыркы 24 сааттын ичинде Улуу Британияда 220 000ге жакын адам ковид илдетин жуктурган. Бейтаптардын саны былтыр кышында өрчүгөн Альфа штаммы катталган учурга караганда үч эсе көп, дешет адистер.

Патрик Вэлланс:

- Биз инфекция жуктуруунун туу чокусу качан жана канчалык деңгээлде болорун билбейбиз. Мурда ковид илдети жаштар арасында көп катталса, азыр жаш-куракты ылгабай жатат. Карылар арасында ооругандардын саны өскөн сайын ооруканага жаткырылгандардын саны да көбөйүүдө.

Бул Англиянын тарыхындагы эң чоң ковид толкуну болгонуна карабастан, бийликтер өлкөдө карантин жарыялоого шашылбай жатышат.