Казакстанда акыркы суткада коронавирустун 2 миң 684 жаңы учуру катталды. Ооругандардын көбү – 864 адам борбор калаада аныкталган. Андан соң Алматы шаарында 505 адамдан инфекция табылган. Караганды облусу оорулуулардын саны боюнча алдыңкы үчтүктө турат, анда 379 бейтап катталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 338 миңден ашты. Учурда 21 миңдей адам дарыланып жатат, анын ичинде 1386 бейтап ооруканаларда. Ошондой эле Казакстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 10 миллион 509 миңден ашуун казакстандык толук эмдөөдөн өттү. 4 миллион 987 миңден көп тургун ревакциналанды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков