Нур-Султандагы карантин: кандай өзгөрүштөр бар?

Нур-Султандагы карантин: кандай өзгөрүштөр бар?

Борбор калаадагы мекемелер алдыдагы дем алыш күндөрү ишин толук токтотот. Карантиндик жана чектөө чараларын күчөтүү боюнча буйрукка шаардын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Сархат Бейсенова кол койду.

Документ теке айынын 17де күчүнө кирет. Жарлык ачык асман алдындагы кафелерге да тиешелүү. Ал эми жумуш күндөрү ресторандар конокторду саат 17ге чейин кабыл алышы керек. «Ashyq» тиркемеси аркылуу иштеген коомдук тамактануу жайлары келүүчүлөргө дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 20: 00гө чейин кызмат көрсөтөт. Ошондой эле, ишкерлер санитардык нормаларды сактоону унутпашы керек. Бул – беткап тагуу, аралыкты сактоо, залдарды 50 пайызга гана толтуруу. Ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттун жүрүүсүнө тыюу салынат. Башкача айтканда, шаардык автобустун каттамдары токтотулат. Бул күндөрү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков