Казакстандын улуттук валютасына - 30 жыл

Жетинин айынын 15де Казакстандын Улуттук валютасына 30 жыл толот. Мааракенин алдында Улуттук Банк «Көрүнүктүү инсандар жана окуялар» сериясынан «Teńgege 30 Jyl» коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө чыгарды. 300 тыйын күмүштөн жасалып, алтын менен жалатылган. Дагы бир монета түрү да күмүштөн жасалганы менен тантал орнотулган. Бул монета түрүнүн саны көбүрөөк. Жүгүртүүгө 2 миңдей даана тыйын чыгарылды. Мааракелик монеталарды Казакстан Респибликасынын Улуттук Банкынын интернет-дүкөндөрүнөн сатып алууга болот.

Алмат Басенов, Улуттук Банктын башкы дизайнери:
- Монетанын дизайны азыркы санариптештирүү тенденциясына ылайык заманбап стилде жасалган. Негизинен биз дизайнды, материалдарды жана жасоо ыкмасын бекеринен тандаган жокпуз. Себеби, тыйындын дизайны теңгеге негизделип, сол жагындагы оймо-чийме өсүштү билдирет. Аны менен өлкөбүздүн, элибиздин өсүп-өнүккөндүгүн сүрөттөгүбүз келди. Анын үстүнө оймо-чийме биздин негизги улуттук символдорубуздун бири.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков