Бештин айынын 21-22 күндөрү борбор калаада Сирия маселеси боюнча Астана жараянынын кезектеги жыйыны өтөт. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, сүйлөшүүлөргө Орусия, Түркия, Иран, Сирия өкмөттөрүнүн жана Сирия оппозициясынын делегациялары катышат. Байкоочу катары Бириккен Улуттар Уюмунун, Иорданиянын, Ливандын жана Ирактын өкүлдөрү чакырылган. Жыйында Астана жараяны алкагында мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана деэскалация зоналарында туруктуулукту сактоо маселелери каралат. Ошондой эле, барымтадагылар боюнча жумушчу топтун жыйыны өтөт. Мындан сырткары тараптар Женевада Сириянын Конституциялык комитетинин иш мерчемдерин да талкуулоого тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков