Казакстандык дарыгерлер онкологиялык ооруларды
дарылоонун жаңы ыкмасы - тераностиканы колдоно башташты. Бул ядролук медицинада
диагностиканы жана дарылоону бириктирген заманбап жекече ыкма. Бейтапка шишикти аныктоого
мүмкүндүк берген атайын радиофармпрепарат сайылат. Андан кийин жабдык шишик тараган жердин так жайгашкан
жерин, илдеттин жайылуу
даражасын аныктайт жана бир эле учурда бейтаптын жабыркаган клеткаларына таасир этип,
саламат клеткаларын эч өзгөртпөй калтырат. Уникалдуу дарылоо комплекси Улуттук
илимий онкологиялык борбордо жайгашкан жана Борбор Азия өлкөлөрүндөгү мындай
жалгыз комплекс болуп саналат. Мындан тышкары, бул борбордо дарыгерлер ар бир адамга керектүү так дарылоону
тандай алышы үчүн жасалма интеллект менен ылайыкташтырылган нур терапиясы
колдонулат. Онкологиялык борбор күн сайын 20 адамды кабыл алат.
Сания Кайрат кызы, Улуттук илимий онкологиялык борбордун радиациялык
онколог-дарыгери:
– Дарыгер бейтаптын анатомиялык түзүлүшүн эске алып, күн сайын пландалган дарылоону координациялай алат. Бул тактыкты жогорулатат жана ден-соолугу чын органдарга жана ткандарга келген оорчулукту азайтат. Бул бейтапка пайдалуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

