Карлаг - саясий сүргүндө курман болгондорду эскерүү музейи
Караганда облусундагы туристтер үчүн жагымдуу объектилердин бири болуп калды.
Бул жерге жылына 3 миңге жакын чет элдик туристтер келет. Алардын көбү көп
улуттардын кайгылуу тагдыры чогулган аймактагы жакындары тууралуу маалымат
табабыз деген үмүт менен келишкен. Бир кезде 2 миллион гектар аянтты ээлеген
түзөтүү-эмгек лагеринин караңгы тарыхы бүгүн 170 чарчы метрге чейин кыскарды. Музей
жайгашкан административдик имарат абактагылардын колу менен курулган. Ошол
жылдардын белгилери сакталып калган эски имаратта 20-кылымдын башындагы
жылдарга саякаттоого болот. Маданият үйүндө 26 тематикалык зал бар.
Каракөз Мажитова, музейдин
гиди
Ар бир жерге киргенде ошол кездеги атмосфераны сезесиң.
Маселен, оорукана, тергөөчүнүн бөлмөсү, эркектер жана аялдар бөлмөсү, жада
калса жаш наристелердин уктоочу жайы да реалдуу көрсөтүлгөн. Ал бөлмөлөрдү
аралап жүргөн адамдар көзүнө жаш алып тарыхты терең биле алышат.
Албетте, бул экскурсия ар кимге оңой эмес. Артефакттар жана
үй эмеректери оригиналдуу. Бул чырактар менен эшиктер да ошол замандын үнсүз
күбөлөрү. Адамдардын айкелдери тар капаска камалган азаптуу жандардын элесине
ылайык жасалган. Саргарган тамгалар, кыйноо куралдары кечээги караңгы тарыхты
ачып берет. Адамдардын эксплуатациясынын жана кыйноолордун жери көптөгөн
бейкүнөө адамдардын өмүрүн алып кетти. Карлагдын сыры толук ачыла элек.
Жеңис Ермуканов, кабарчы:
Бүгүнкү күнгө чейин белгилүү болгон маалыматтарга караганда,
Карлагда бир жарым миллионго жакын адам жапа чеккен. 1 миллиондон ашык адам
камалган. 25 миңдей адам өлүм жазасына кесилген. Бирок бул сандарды айтуу
кыйын. Окумуштуулар тарыхыбыздын караңгы мезгилин дагы эле изилдеп жатышат.
Караганды аймакта кимак шаарлары болгон
Караганды облусун изилдеп жаткан ата мекендик окумуштуулар
аймактын тарыхынын дагы бир мезгилин инвентаризациялоо ниетинде. Анын тамыры
байыртадан бир топ тереңде дейт Жочи улусун изилдөө институтунун мүдүрү
Жакшылык Сабитов. Жакында эле 12-кылымда ислам картографы Мухаммад Аль-Идриси
тарабынан жасалган дүйнөлүк картага ээ болду.
Жаксылык Сабитов, Жочу улусун илимий-изилдөө институтунун
мүдүрү:
Бул карта боюнча 16 кимак шаарынын төртөө Караганды
облусунун аймагында жайгашкан. Алар Нага Ханауыз, Дахлан жана Лалан шаарлары.
Акыркысы азыркы Улытау аймагына тиешелүү деп болжолдонууда. Анткени ал жерде
тоолор белгиленген. Ошондой эле Нура жана Шерубай-Нура дарыялары Теңиз көлүнө
куюлуп жатканын даана көрүүгө болот. Тоо арасында жайгашкан Нага менен
Дахландын бири азыркы Кызылтас тоосунда жайгашкан. Нура дарыясы ошол жерден
башталат.
Уникалдуу байыркы картада азыркы Казакстандын аймагында 40ка
жакын шаар белгиленген. Ага байыркы Тараз менен Сайрам кирет. Башкалары
азырынча белгисиз. Жазуу булактарын издөө үчүн адистер өлкөнүн аймагында
комплекстүү археологиялык казууларды жүргүзүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков