Казакстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын
аянты 31 миллион гектарга чейин көбөйдү. Экология жана жаратылыш ресурстары министри
ага көз карандысыздык жылдарында жасалган иштерди кеңейтүү жана жаңыларынын
түзүлүшү себеп болгонун
маалымдайт. Ошондой эле, өлкөнүн биологиялык ар
түрдүүлүгүн сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралардын аркасында бугу, кулан, аркар жана жейрендердин
популяциясы кыйла көбөйдү. Илбирстин санын калыбына келтирүү боюнча бир катар
комплекстүү чаралар көрүлгөн, алар жашаган негизги участоктордо өзгөчө
корголуучу жаратылыш аймактары түзүлдү.
Эсепке алуу жана
мониторинг жүргүзүү, заманбап ыкмалар, фото капкандар менен спутник
телеметрия жигердүү колдонулат.
Ерлан Нысанбаев, экология жана
табигый ресурстар министри:
- Ак
илбирстерди коргоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча көрүлгөн чаралардын
натыйжасында алардын саны 90-жылдардагы эң төмөнкү деңгээлден
(80-100 баш) эки эсеге артып,
180 башка чейин жетти. Жаныбарлардын бул
түрүн сактоо боюнча иштер улантылууда, трансчек аралык жана эл аралык
кызматташтык активдүү өнүгүүдө.
Казакстанда Туран жолборсунун тарыхый жашаган жерине климатташтыруу иштери
улантылууда. Иле-Балхаш мамлекеттик жаратылыш резерваты түзүлүп, Нидерландыдан
2 жолборс
алынып келинди.
Алардын катары 2025-жылы толукталат деп күтүлүүдө. Орусиядан дагы 3-4үн алып келүү күтүлүүдө.
Керкуланды кайра климатташтыруу
боюнча да иштер жүрүп жатат. Бул максатта Чехиядан алгач Пржевальский жылкысы алып келинди. Жалпысынан
2029-жылга чейин 40 баш жылкы алып келүү мерчемделген. Кийиктердин популяциясынын өсүшү өлкөдө
жаныбарлар дүйнөсүн коргоонун ийгиликтүү практикасынын мисалы болуп саналат.
Бүгүнкү күндө алардын саны 3 миллионго жакын. Азыр ителгини багууга өзгөчө көңүл
бурулууда. Мекеме
мүнүшкөрлөрдүн санын жана анын айлана-чөйрөгө киргизилишинин натыйжалуулугун
баалоо боюнча эки илимий-техникалык программа иштеп чыкты.
Ерлан Нысанбаев, экология жана
табигый ресурстар министри:
- Азыркы
учурда биз бул программаларды жогорку илимий-техникалык комиссиянын жыйынында
кароону күтүп жатабыз, андан соң республикалык бюджеттик комиссиянын кароосуна
алып чыгабыз. Ошону менен бирге шумкардын популяциясын натыйжалуу калыбына
келтирүү үчүн аны көбөйтүү
борборун түзүү зарыл. Учурда
бул маселени эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте карап жатабыз.
Ал эми Казакстанда жаныбарлардын кызыл китеби
жаңыланат. Жаңы тизмеде биринчи жолу жаратылышты коргоо боюнча эл аралык бирикменин критерийлерине ылайык
өткөрүлдү. Сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөр боюнча электрондук
маалыматтар базасы тузүлүп,
расмий веб-портал иштелип чыкты. Мындан тышкары, зоологдордон жана
филологдордон турган Терминологиялык комиссия түзүлдү. Алардын милдети казак
жаныбарларынын жалпы аттарын тактоо
болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

